Мэриянын Муниципалдык мүлк башкармалыгы «Велошеринг – эс алуунун жакшы жолу» аталган пилоттук долбоорун баштайт.
Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, департамент экологиялык жактан таза транспортту ижарага берүүчү 80 пункт уюштурган.
Июль айынын башынан баштап, мобилдик колдонмо аркылуу велосипед, самокат жана электросамокат ижарага алууга болот.
Долбоор Бишкек шаарындагы жол тыгындарын азайтуу, ошондой эле жарандардын арасында сергек жашоо образын жайылтууга багытталган.