Жекшемби күнү, 26-июнда, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Бишкектен Балыкчыга бара жаткан модернизацияланган «Кыргыз темир жолу» поездинин вагонунда транспорт системасын өнүктүрүү боюнча бейформал көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн минкаб басма сөз кызматы билдирди.
«Кыргыз темир жолу» жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондорду өз күчү менен жаңылап, аларды заманбап муздатуу системасы менен жабдып, панорамалык чоң терезе коюп, ал үчүн вагондун шыбын, полун бекемдөө боюнча кошумча иштерди жүргүзүп, ошондой эле эшиктер жана жуунуучу бөлмөлөрдү алмаштырган.
- Панорамалык терезелер, кондиционер. «Кыргыз темир жолу» вагондорду иштен чыгаруунун ордуна жаңылашты
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек-Балыкчы жолунда созулган жолугушууда Кыргызстандын жол-транспорт системасын өркүндөтүүнүн мындан аркы перспективалары боюнча бир катар маселелер талкууланды.
Бул бейформал жолугушуунун жыйынтыгында кабыл алынган чечимдер тууралуу айтылган эмес.