Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК менен биргеликте «Дэйвен Компани» ЖЧКсына алкоголсуз суусундуктарды чыгаруучу заманбап заводду курууга 2.8 млн доллар беришти. Бул тууралуу ОКӨФ басма сөз кызматы билдирди.
Бул Кыргызстандагы биринчи жабык цикл менен иштөөчү завод. Ал желим бөтөлкө чыгаруудан баштап, суусундук куйганга чейин токтоосуз өндүрүштүн уникалдуу технологиясын колдонот. Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугунун HACCP жана ISO стандарттары киргизилет, деп билдирди фонд.
«Компания продукциясынын ассортиментин кеңейтип, өндүрүштү жана экспорттун көлөмүн бир нече эсеге көбөйтө алат», — деди ОКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.
Белгиленгендей, долбоордун жүрүшүндө 70 жаңы жумушчу орун түзүлөт. Завод жылына 30 млн литр даяр продукция чыгармакчы. Салыктык төлөмдөр жана социалдык чегерүүлөр бир топ көбөйөт. Продукция Россияга жана башка мамлекеттерге экспорттолот.
«Импорттон көз карандылыкты азайтуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана экспорттук потенциалды өнүктүрүү Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан коюлган негизги милдеттердин бири. Мындай долбоорлорду колдоо менен биз бул милдеттерди ишке ашырууга болушунча жардам көрсөтүүгө аракет кылабыз», — деп баса белгиледи ОКӨФ жетекчиси.