Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун алдын ала маршруту аталды

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун алдын ала маршруту аталды

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу Торугарт — Макмал — Жалал-Абад аркылуу курулушу мүмкүн. Мындай алдын ала маршрутту бүгүн, 28-июнда, Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев министрлер кабинетинин жыйынында көрсөттү.

Анын айтымында, долбоордун тиешелүү техникалык-экономикалык негиздемеси ушул жылдын декабрь айына чейин иштелип бүтөт.

«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоору — уникалдуу долбоор, аны ишке ашырууга биз өзгөчө көңүл бөлөбүз. Тиешелүү мамлекеттик органдар керектүү даярдык иштерин өз убагында бүтүрүүсү зарыл», — деди минкаб төрагасы Акылбек Жапаров.

Жолугушуунун жүрүшүндө башка инфраструктуралык долбоорлорду куруу маселелери да талкууланды.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол линиясы үч өлкөнүн темир жолдорун, андан ары Перс булуңунун өлкөлөрүн, Түркия Республикасын европалык темир жол тармагы менен байланыштырышы керек.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

На гранты вместо пособий малообеспеченные семьи открыли подсобные хозяйства, теплицы и СТО 8 августа 2022 г.    12:36
«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын уставдык капиталы 990 млн сомго көбөйтүлөт 8 августа 2022 г.    12:27
Кыргызстанским мигрантам в России помогли получить зарплаты на 1 млн рублей 8 августа 2022 г.    12:14
Улуттук банк жыл башынан бери комбанктардын ишине 116 текшерүү жүргүздү 8 августа 2022 г.    12:09
Запасы воды в Токтогульском водохранилище достигли 13 млрд кубометров 8 августа 2022 г.    11:34
Какие возможности для инвестиций, коммерциализации и реформ имеют железные дороги Центральной Азии — обзор АБР 8 августа 2022 г.    11:22
Строительство CASA-1000 подорожало на $37 млн из-за краснокнижных растений на пути ЛЭП 8 августа 2022 г.    10:56
«Национальная электрическая сеть Кыргызстана» увеличит уставный капитал на 990 млн сомов 8 августа 2022 г.    10:33
Все новости
НБ КР
USD 83.00
EUR 84.85
RUB 1.36
Моссовет
USD 84.00
EUR 86.90
RUB 1.40

Конвертер валют