Кыргызстандыктардын 35%ы жумушта телефонго алаксыйт

Кыргызстандыктардын 35%ы жумушта телефонго алаксыйт

«Сизди жумуштан эмне алаксытат?» деген темада HeadHunter жумуш издөөчү онлайн-платформасы өзүнүн headhunter.kg сайтында кыргызстандык кызматкерлер арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Ага 278 респондент катышкан.


Көптөгөн нерселер жумуштан алаксытып, жумушту өз убагында бүтүрүүгө жолтоо болот. Кеңседе иштөөдө да, алыстан иштөөдө да мындай факторлор көп.

Баарынан да кыргызстандыктар интернетке көз каранды. Жумуш учурунда мессенджерлерге жана социалдык тармактарга алаксып кетерин сурамжылоого катышкандардын 35%ы моюнга алган. Алардын ичинде:

  • 20%ы ар бир беш мүнөт сайын телефонун текшерет;
  • 21%ы ар бир жарым саатта текшерет;
  • жана 31%ы — саатына бир жолу телефон тиктейт.

Ошол эле учурда, өзүнүн мындай «кибер-көз карандылык» жаман адаты менен респонденттердин 45%ы күрөшүп келет. Жумуш күн убагында 14%ы телефонун такыр карабайт, дагы 5%ы жумуш учурунда чалууларга жооп бербейт. Калгандары так жооп айта албай коюшкан.

Респонденттерге социалдык тармактарды жана почталарды тынымсыз текшерүүдөн (35%) тышкары

  • уйкучулдук (21%),
  • кечигүү (13%),
  • тамеки тартуу (16%),
  • улам тамак жегиси келүү (9%) жолтоо болот.

Респонденттердин 6%ы гана ишинде эч нерсеге алаксыбайт экенин айтышкан.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Дочерняя компания ГИК в скором времени начнет выдавать госипотеку 8 августа 2022 г.    13:30
Нацбанк провел 11 проверок лиц, обменивающих валюту без лицензий 8 августа 2022 г.    13:20
На гранты вместо пособий малообеспеченные семьи открыли подсобные хозяйства, теплицы и СТО 8 августа 2022 г.    12:36
«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын уставдык капиталы 990 млн сомго көбөйтүлөт 8 августа 2022 г.    12:27
Кыргызстанским мигрантам в России помогли получить зарплаты на 1 млн рублей 8 августа 2022 г.    12:14
Улуттук банк жыл башынан бери комбанктардын ишине 116 текшерүү жүргүздү 8 августа 2022 г.    12:09
Запасы воды в Токтогульском водохранилище достигли 13 млрд кубометров 8 августа 2022 г.    11:34
Какие возможности для инвестиций, коммерциализации и реформ имеют железные дороги Центральной Азии — обзор АБР 8 августа 2022 г.    11:22
Все новости
НБ КР
USD 83.00
EUR 84.85
RUB 1.36
Моссовет
USD 84.00
EUR 86.50
RUB 1.41

Конвертер валют