Мамлекеттик нотариустардын ыйгарым укуктары бара-бара жеке нотариустарга өтөт. Бул тууралуу юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында билдирди, деп жазат 24.kg.
Комитет «Нотариат жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат.
Сыдыковдун айтымында, дүйнөлүк практикада мамлекеттик жана жеке нотариус деп бөлүү жок.
«Биз жеке нотариустун укуктарын мамлекеттик менен теңдештирүү, ошондой эле бул тармакты өнүктүрүү үчүн нотариустар палатасын түзүүнү сунуштап жатабыз. Анын алдында этика боюнча комиссия иштейт», — деп түшүндүрдү ал.
Сыдыков белгилегендей, жеке нотариустар 1998-жылы иштеп баштаган. Бул убакыт аралыгында 825 лицензия алынып, азыр алардын 357 лицензиясы жарактуу. Республика боюнча 90 мамлекеттик нотариус иштейт.
«Нотариустар 23 иш-аракет жасоого укуктуу, бирок алардын ичинен жеке нотариустар 18ин аткара алышат, башкача айтканда, бешөө мамлекеттик нотариустардын компетенциясында. Бул монополия жаратып, жарандардын тандоо укугун чектейт. Бардык укуктарды акырындык менен жеке нотариустарга өткөрүп берүү менен биз мамлекеттик нотариустарды жоюуну көздөп жатабыз», — деди Юстиция министринин орун басары.