Кыргызстанда карыздарды сот аткаруучулар аркылуу текшерүү кызматы пайда болду

Кыргызстанда карыздарды сот аткаруучулар аркылуу текшерүү кызматы пайда болду

27-июнда Санариптик трансформация министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесинде «Сот аткаруучулар аркылуу карыздарды текшерүү» жаңы кызматынын бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бет ачардын жүрүшүндө санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов белгилегендей, бул демилгенин аркасында жарандар электрондук форматта маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Мисалы, жаран башка өлкөгө учарда анын мамлекетке карызы барбы, жокпу, текшерсе болот. Ошондой эле бул электрондук кызмат аркылуу соттолбогондугу жөнүндө справка алса болот.

Кызмат Мамлекеттик порталдын бардык колдонуучулары үчүн жеткиликтүү. Авторизациясыз карыз текшерүүдө бул кызмат төмөнкү маалыматты берет: аткаруу ишинин номери, иш жайгашкан соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн (САКБ) аталышы жана анын дареги.

Ал эми авторизациядан өткөн колдонуучулар карыздар жөнүндө кененирээк маалымат ала алат:

  • Карызкордун толук аты-жөнү.
  • САКБ аттары.
  • Аткаруучу дело жайгашкан САКБ дареги.
  • Аткаруу номери.
  • Сот аткаруучунун телефон номери.
  • Сот аткаруучунун кызматы.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Дочерняя компания ГИК в скором времени начнет выдавать госипотеку 8 августа 2022 г.    13:30
Нацбанк провел 11 проверок лиц, обменивающих валюту без лицензий 8 августа 2022 г.    13:20
На гранты вместо пособий малообеспеченные семьи открыли подсобные хозяйства, теплицы и СТО 8 августа 2022 г.    12:36
«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын уставдык капиталы 990 млн сомго көбөйтүлөт 8 августа 2022 г.    12:27
Кыргызстанским мигрантам в России помогли получить зарплаты на 1 млн рублей 8 августа 2022 г.    12:14
Улуттук банк жыл башынан бери комбанктардын ишине 116 текшерүү жүргүздү 8 августа 2022 г.    12:09
Запасы воды в Токтогульском водохранилище достигли 13 млрд кубометров 8 августа 2022 г.    11:34
Какие возможности для инвестиций, коммерциализации и реформ имеют железные дороги Центральной Азии — обзор АБР 8 августа 2022 г.    11:22
Все новости
НБ КР
USD 83.00
EUR 84.85
RUB 1.36
Моссовет
USD 84.00
EUR 86.50
RUB 1.41

Конвертер валют