Кыргыз компаниялары Сеулда өткөн Import Goods Fair эл аралык көргөзмөсүнө катышышты

Кыргыз компаниялары Сеулда өткөн Import Goods Fair эл аралык көргөзмөсүнө катышышты

Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчилиги Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен биргеликте 23-25-июнь күндөрү Сеулда өткөн эл аралык «Импорттук товарлар жарманкеси» көргөзмөсүнө кыргызстандык компаниялардын катышуусун уюштурду. Көргөзмө Кореянын Импортчулар ассоциациясы (КОИМА) тарабынан уюштурулган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Көргөзмөнү KOИMAнын президенти Бён Кван Ким Корея Республикасында аккредиттелген 40тан ашык дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилеринин, ошондой эле 100дөн ашык чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда ачты. Кыргызстандан Корея Республикасындагы элчи Аида Исмаилова жана кыргызстандык Bee Honey, «Тянь-Шань белектери», «Туруктуу бизнес чечимдери» (SBS), «ГИМНИЛИ», Bal King, «Азиус», «Афиат Трейд», «Балары», «Аман Гринфуд», «Сан Планет Органик» и NAG Group компаниялары катышты.

Көргөзмөгө бал, шоколад, варенье, кийиз буюмдар сыяктуу түрдүү ата мекендик продукция, ошондой эле Bayra мода үйүнүн текстиль буюмдары коюлду. Иш-чаранын катышуучулары кыргыз балынын даамын татып, боорсоктон ооз тийишти.

Маалымат үчүн: Жыл сайын өтүүчү Import Goods Fair көргөзмөсү чет мамлекеттик товарларды жана продукцияларды Кореяда көрсөтүү боюнча ири эл аралык көргөзмөлөрдүн бири болуп саналат.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын уставдык капиталы 990 млн сомго көбөйтүлөт 8 августа 2022 г.    12:27
Кыргызстанским мигрантам в России помогли получить зарплаты на 1 млн рублей 8 августа 2022 г.    12:14
Улуттук банк жыл башынан бери комбанктардын ишине 116 текшерүү жүргүздү 8 августа 2022 г.    12:09
Запасы воды в Токтогульском водохранилище достигли 13 млрд кубометров 8 августа 2022 г.    11:34
Какие возможности для инвестиций, коммерциализации и реформ имеют железные дороги Центральной Азии — обзор АБР 8 августа 2022 г.    11:22
Строительство CASA-1000 подорожало на $37 млн из-за краснокнижных растений на пути ЛЭП 8 августа 2022 г.    10:56
«Национальная электрическая сеть Кыргызстана» увеличит уставный капитал на 990 млн сомов 8 августа 2022 г.    10:33
2022-жылы Кореяда кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу үчүн квота жылына 1.8 миң адамга жетти 8 августа 2022 г.    10:18
Все новости
НБ КР
USD 83.00
EUR 84.85
RUB 1.36
Моссовет
USD 83.93
EUR 86.48
RUB 1.41

Конвертер валют