«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясы боюнча дээрлик 5 миң арыз түштү

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясы боюнча дээрлик 5 миң арыз түштү

10-майда башталган Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясы боюнча «Салык чек» мобилдик колдонмо аркылуу катышуучулардан 4739 даттануу келип түшкөн.

Кайрылуулардын көбү кассалык чектин берилбегендигине жана кассалык аппараттын жоктугуна, ошондой эле колдонмонун иштөөсүнө (чектерди текшерүү жана билеттерди берүү) байланыштуу.

Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 3927 арыз каралып чыккан. 212 субъектиге карата кассалык машиналарды колдонбогондугу жана чек бербегендиги үчүн административдик айыптар салынган.

Калган арыздар кассалык чек бербеген субъекттин дареги же аталышы көрсөтүлбөгөндүгү үчүн, ошондой эле башка тема боюнча кайрылгандыгы үчүн каралган эмес.

Салык кызматы бүгүнкү күнгө карата «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясына 58 608 адам катышып жатканын эске салды. Алар 3 млрд сомдон ашык суммага чектерди сканерлешкен. Утушка катыша турган 2.9 млн электрондук лотерея билеттери (ID номери) берилген.

Биринчи утуш 1-июлда Ала-Тоо аянтында өтүп, анда 2 автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 даана ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу байгелер ойнотулат.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

На гранты вместо пособий малообеспеченные семьи открыли подсобные хозяйства, теплицы и СТО 8 августа 2022 г.    12:36
«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын уставдык капиталы 990 млн сомго көбөйтүлөт 8 августа 2022 г.    12:27
Кыргызстанским мигрантам в России помогли получить зарплаты на 1 млн рублей 8 августа 2022 г.    12:14
Улуттук банк жыл башынан бери комбанктардын ишине 116 текшерүү жүргүздү 8 августа 2022 г.    12:09
Запасы воды в Токтогульском водохранилище достигли 13 млрд кубометров 8 августа 2022 г.    11:34
Какие возможности для инвестиций, коммерциализации и реформ имеют железные дороги Центральной Азии — обзор АБР 8 августа 2022 г.    11:22
Строительство CASA-1000 подорожало на $37 млн из-за краснокнижных растений на пути ЛЭП 8 августа 2022 г.    10:56
«Национальная электрическая сеть Кыргызстана» увеличит уставный капитал на 990 млн сомов 8 августа 2022 г.    10:33
Все новости
НБ КР
USD 83.00
EUR 84.85
RUB 1.36
Моссовет
USD 84.00
EUR 86.90
RUB 1.40

Конвертер валют