Жогорку Кеңеш Кыргызстанда казино ачуу боюнча мыйзамды кабыл алды

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда казино ачуу боюнча мыйзамды кабыл алды

Жогорку Кеңештин депутаттары кечээ, 22-июнда пленардык жыйында дароо өткөн экинчи жана үчүнчү окууда Кыргызстанда чет элдик жарандар үчүн казино ачуу боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алышты. Мыйзамдын кабыл алынышына бөгөт коюуга карабастан, акыркы добуш берүү өттү деп табылды.

Мыйзамды кабыл алууга 59 депутат «макул», 7 депутат «каршы» добуш берди.

Кабыл алынган чечим менен депутаттар «Кыргыз Республикасындагы кумар оюндары жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына оюн-зоок иши боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлорун колдоп беришти.

Мурда маалымдалгандай, бул долбоорлор Кыргызстандын аймагында оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгүнүн укуктук негиздерин, мамлекеттик жөнгө салууну, ошондой эле оюн-зоок жайларын түзүүнүн жана кармоонун тартибин, кумар оюндарын уюштуруунун жана аларга лицензия берүүнүн тартибин аныктайт.

Ошондой эле, Кыргызстанда кумар оюндары ишкердик ишмердүүлүктүн лицензияланган түрү боло тургандыгы айтылды. Лицензиялар акы төлөнүүчү негизде берилет. Долбоордо лицензия үчүн төлөмдүн өлчөмүн министрлер кабинети аныктоосу сунушталган.

Эми бул мыйзам долбоорлоруна президент Садыр Жапаров кол коюшу керек.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 79.50
EUR 83.20
RUB 1.37
Моссовет
USD 80.77
EUR 84.52
RUB 1.38

Конвертер валют