Жалал-Абадда кургак талаага 315 га алча багы отургузулду

Жалал-Абадда кургак талаага 315 га алча багы отургузулду

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүндөгү 315 гектар кургак жана түшүмсүз жерге алча (гилас) багы эгилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул долбоорду ишке ашырууга 44 млн сом сарпталган. Бак Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасынын токой экосистемаларын комплекстүү башкаруу» долбоорунун алкагында отургузулган.

Бул долбоорго донорлор тарабынан 18 млн сом бөлүнүп, 26 млн сомдук каражат жергиликтүү тургундар өздөрү жана айыл өкмөтү салган. Ошондой эле тосмолорду орнотуу, тамчылатып сугаруу системасын орнотуу жана көчөт отургузуу иштерин жергиликтүү эл толук өз мойнуна алды.

Бөлүнгөн каражаттар төмөнкүлөргө жумшалды:

  • төрт суу резервуары (700 м3), түтүк куруу (4.5 км), тамчылатып сугаруу системасын орнотууга – 9.9 млн сом
  • тосмолорду орнотууга – 2.3 млн сом
  • 25.5 миң даана алча көчөтүн которууга – 3.1 млн сом
  • чакан айыл чарба машиналарын жана жабдууларга – 2.4 млн сом

Жакында жемиш бактардын аянтын кеңейтип, 500 гектарга жакын түшүмсүз жерлерди өздөштүрүү пландалууда. Былтыр күзүндө отургузулган алча көчөттөрү 4-5 жылдан кийин туруктуу түшүм бере баштайт.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 79.50
EUR 83.20
RUB 1.37
Моссовет
USD 80.77
EUR 84.52
RUB 1.38

Конвертер валют