Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы (СӨП) Орусия, Кытай, Өзбекстан, Сауд Аравия жана Европанын төрт өлкөсүндө өз өкүлдөрүн дайындады. Бул тууралуу чечим палатанын президиумунун кезектеги жыйынында кабыл алынганын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Ошентип, Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр дайындалды:
- Асан Садыков – Сауд Арабиясында
- Азамат Исмаилов – Польшада, Чехияда жана Германияда
- Мааданбек Караев – Өзбекстанда
- Жаркынай Кошоева – Голландияда
- Фатима Усубалиева – Кытайда (Гуандун жана Шаньдун провинциялары)
- Михаил Тумасов – Россияда (Москва)
Ошондой эле, КР Соода-өнөр жай палатасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлдөрү бул жылга карата иш пландарын көрсөтүшкөнү айтылды. Анын арасына өлкөлөр ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү жана өнүктүрүү, виза алууга көмөктөшүү, көргөзмөлөрдү, бизнес-миссияларды уюштуруу жана башкалар кирет.