Парламент Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар алуу боюнча Дүйнөлүк банк менен келишимди ратификациялады

Парламент Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар алуу боюнча Дүйнөлүк банк менен келишимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш кечээ, 22-июндагы жыйынында Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо келишимин ратификациялоо чечимин кабыл алды. Бул макулдашуу боюнча Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлөт, деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.

Эске салсак, бул каржылоо макулдашуусуна министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен 20-апрелде Вашингтондо кол койгон. Каражат Баткен облусундагы экинчи «Экономикалык аймактарды өнүктүрүү» долбооруна багытталат. Долбоор 2022-жылдан 2027-жылга чейин ишке ашырылмакчы.

Долбоорго жараша 5 компонент ишке ашырылат:

  1. муниципалдык инфраструктураны жана негизги мамлекеттик кызматтарды колдоо чаралары – 24 млн доллар (бөлүнгөн каражаттардын дээрлик жарымы).
  2. агрардык азык-түлүк кластерлерин чыңдоо – 21 млн доллар.
  3. жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө дем берүү – 2 млн долларга чакан гранттар.
  4. күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү үчүн каражаттарды кайра бөлүштүрүү.
  5. долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү – 3 млн доллар.

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги инвесторлор үчүн колдонмо иштеп чыкты 30 июня 2022 г.    18:08
«Кыргызиндустрия» демилгеси астында компьютерлерди, Wi-Fi роутерлерин жана кассалык машиналарды чыгаруу пландалууда 30 июня 2022 г.    17:31
Кыргызстандын Кытайга карызы 1.8 млрд долларга жакындады 30 июня 2022 г.    16:49
Кыргызстандын Сот департаменти менчиктештирилип, калыбына келтирилген «Синегорье» пансионатын тартып алууга аракет кылууда – ээлери президенттен коргоо сурашууда 30 июня 2022 г.    15:58
Айыл тургундары өз алдынча онлайн-курстарды ача башташты 30 июня 2022 г.    14:47
Кытай экинчи айланма Чүй каналынын курулушун каржылайт 30 июня 2022 г.    13:59
Түркиялык YDA Group компаниясы «Манас» жана «Ош» аэропортторун сынаксыз 39 жылга башкарууга алат — Жанар Акаев 30 июня 2022 г.    12:45
Минкаб башчысынын жаңы орун басарлары ант беришти 30 июня 2022 г.    12:23
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 79.50
EUR 83.20
RUB 1.37
Моссовет
USD 80.77
EUR 84.52
RUB 1.38

Конвертер валют