Кыргызстандагы бизнес кризисине эмнелер таасир берди – Дүйнөлүк банк себептерди түшүндүрөт

Кыргызстандагы бизнес кризисине эмнелер таасир берди – Дүйнөлүк банк себептерди түшүндүрөт

21-июнда Бишкекте «Микро, чакан жана орто ишканаларды тез арада колдоо» долбоору боюнча Финансы министрлиги уюштурган тегерек стол өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын өкүлү Эмико Тодороки өз сөзүндө Кыргызстандагы кризиске жана бизнестин оор абалына таасирин тийгизген себептерге токтолду.

COVID-19 жана пандемия

Эң маанилүү себептердин бири Covid-19 вирусу жана 2020-жылы бүт дүйнөнү капыстан каптаган пандемия болду. Өзүн-өзү изоляциялоого мажбур болуу жана өлкөдө карантиндин киргизилиши бизнес жана жалпы экономика үчүн катуу сокку болду. Тодороки Кыргызстандын өкмөтү кырдаалды турукташтыруу үчүн кризиске каршы иш-чаралардын планын абдан тез иштеп чыкканын белгиледи.

Инфляция жана өнүккөн өлкөлөрдүн акча-кредит саясаты

Тодороки айым чакан жана орто бизнес экономиканын кыймылдаткычы экенин, алар ИДПнын 42%ын түзөрүн жана карапайым элди жумуш менен камсыз кылган негизги чөйрө экенин айтты. Бирок, ишкерлерге басым көп көрсөтүлөт. Бүт дүйнөдөгүдөй эле, Кыргызстанда да инфляция күч алууда. Мындан тышкары, өнүккөн өлкөлөрдө акча-кредит саясаты барган сайын катаал болуп баратат, бул Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизүүдө.

Украинадагы согуш

Дүйнөлүк банктын өкүлүнүн айтымында, кризистин негизги факторлорунун бири болуп ушул жылдын 24-февралында башталган Украинадагы согуш саналат. Бул жагдай дээрлик бүт дүйнөгө таасирин тийгизип, Кыргызстан да четте калган жок.

«Жашыл» жана санариптик экономикага көңүл буруу

Заманбап дүйнөдө «жашыл» жана санариптик экономикага абдан чоң басым жасалат. Айлана-чөйрөгө оң таасирин тийгизүүчү тармакты, жалаң электрондук технологияларга жана санариптештирүүгө багытталган чөйрөнү өнүктүрүүгө аракет жасалып жатып, катардагы чакан жана орто бизнеске тиешелүү көңүл бөлүнбөй калган.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 79.50
EUR 83.20
RUB 1.37
Моссовет
USD 80.77
EUR 84.52
RUB 1.38

Конвертер валют