Быйыл туристтик сезон башкача өтөт

Быйыл туристтик сезон башкача өтөт

2022-жылкы туристтик сезон чындап эле башкача болот, бирок бир-эки айдын ичинде баарын оңдоо мүмкүн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда, маалымат жыйынында Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Елена Калашникова билдирди, деп жазат kaktus.media.

Калашникованын айтымында, бир нече маанилүү көйгөйлөр бар: дүйнө Кыргызстанды туризмдин өлкөсү катары жакшы тааныбайт, өлкөнүн ичинде маалыматтык боштук бар, ошондой эле инфраструктуралык маселелер көп.

«Ошондой эле биздин азыркы милдетибиз – бул тарыхый жана жаратылыш эстеликтерин тартипке келтирүү. Мисалы, Ыйык Матфейдин сөөгү коюлган жай батыштагыларды, ал эми Баласагын чыгыш элдерин кызыктырат. Туризм экономиканын флагманы болуп, өлкөдөгү туризм тармагында иштегендерге жардам беришибиз керек», – деди ал.

Калашникова инфраструктураны жакшыртуу үчүн фонд жасай баштаган бардык долбоорлорду санап өттү.

Маселен, RestPoint – туристтик жана шаарлар аралык каттамдар жыш жүргөн жолдордо эс алуу пункттары ачыла баштады. 2023-жылдын сезонунун башталышына карата алардын 68и, быйыл 21 пункт ачылат. RestPoint-торду кура турган подрядчиктер ишке киришкен.

«Бул саякатчылар жана туристтер үчүн токтоп, маалымат алуу, гаджеттерди заряддоо мүмкүнчүлүгүн берет. Бул жерде террасадан кофе ичип же душка түшсө болот. Ажаткана, чакан дүкөн жана кофекана, смартфон жана электромобиль үчүн заряддоо пункттары, ошондой эле маалымат стенддери болот», – деди Калашникова.

Фонддун жетекчисинин айтымында, маанилүү маселе болуп өлкөнүн бүт жерлеринде санаториялык дарылоону жандандыруу эсептелет.

«Бул туристтик сезонду узартат. Азыр чет элдик эксперттер сөөк жана муун, өпкө ооруларын дарылоо потенциалын баалап жатышат. Өтө ийгиликтүү эмес санаторийлер кирешелүү санаторийлердин эсебинен колдоого алынат», – деп Елена Калашникова келечектеги пландар жөнүндө айтты.

«Оруу-Сай» эс алуу жайын даярдоо боюнча изилдөө иштери башталган, Ысык-Көлдүн Тамга айылына эл аралык деңгээлдеги спорттук базаны куруу иштери жүрүп жатат – ал олимпиадалык спортсмендерди даярдоо үчүн бардык талаптарга жооп бермекчи. Раззаков жана Каракол шаарларында да эс алуу зонасы түзүлүүдө.

«Быйыл бардык тарыхый жерлерге көрсөткүч белгилерди коёбуз», –деп кошумчалады фонддун жетекчиси.

Калашникова айрым маданий-тарыхый эстеликтер чек ара тилкелеринде жайгашканын, азыр аларга барууга уруксат алуу кыйын экенин белгиледи.

«Бирок мындай уруксаттарды Калкты тейлөө борборлорунда берүү пландалып жатат, ошондой эле чет элдик туристтер ээн-эркин эс алышы үчүн аларды онлайн каттай баштайбыз», – деп жыйынтыктады Калашникова.

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги инвесторлор үчүн колдонмо иштеп чыкты 30 июня 2022 г.    18:08
«Кыргызиндустрия» демилгеси астында компьютерлерди, Wi-Fi роутерлерин жана кассалык машиналарды чыгаруу пландалууда 30 июня 2022 г.    17:31
Кыргызстандын Кытайга карызы 1.8 млрд долларга жакындады 30 июня 2022 г.    16:49
Кыргызстандын Сот департаменти менчиктештирилип, калыбына келтирилген «Синегорье» пансионатын тартып алууга аракет кылууда – ээлери президенттен коргоо сурашууда 30 июня 2022 г.    15:58
Айыл тургундары өз алдынча онлайн-курстарды ача башташты 30 июня 2022 г.    14:47
Кытай экинчи айланма Чүй каналынын курулушун каржылайт 30 июня 2022 г.    13:59
Түркиялык YDA Group компаниясы «Манас» жана «Ош» аэропортторун сынаксыз 39 жылга башкарууга алат — Жанар Акаев 30 июня 2022 г.    12:45
Минкаб башчысынын жаңы орун басарлары ант беришти 30 июня 2022 г.    12:23
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 79.50
EUR 83.20
RUB 1.37
Моссовет
USD 80.77
EUR 84.52
RUB 1.38

Конвертер валют