Жакынкы арада Бишкек ТЭЦине 1 млн 50 миң тонна көмүрдүн ири партиясын сатып алуу боюнча тендер жарыялоо пландалууда. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына «Электр станциялары» ААКтын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.
Бул тендер жергиликтүү Кара-Кече көмүр кенинен 2022/2023-жылдардын жылытуу мезгилине карата көмүр сатып алууга багытталган. Кийинчерээк дагы бир сынак жарыяланмакчы.
«Жеткирүүчү ишкана менен келишим түзүлөрү менен, Бишкек ТЭЦине көмүр ташыла баштайт. 22-июнга карата ТЭЦтин территориясында 222 миң тоннадан ашык көмүр бар, бул көлөм ТЭЦтин иштерине ашыгы менен жетет, андан кийин Кара-Кечеден көмүр келе баштайт», – деди Айдаралиева.
Эске салсак, өткөн жылытуу мезгилинде Бишкек ТЭЦинин көмүргө болгон муктаждыгы 1 млн 650 миң тоннаны түзгөн. Бир млн тоннага жакыны Кара-Кечеден, калганы Казакстандан ташылып келген.