21-июлда Түштүк Кореянын Инчхон шаарынын аэропортунда айыл чарба жумуштарына барган 62 кыргызстандыкты Түштүк Кореяда тосуп алышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары айыл чарба иштерине барышкан. Кореяда аларды Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова, ошондой эле корей тараптан Хамьянг шаарынын алмашуу жана кызматташтык департаментинин өкүлдөрү тосуп алышты.
Исмаилова жердештери менен саламдашып, аларга ийгилик жана эмгеги жемиштүү болушун каалады.
Жолугушууда элчи келген жарандарга өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин, тактап айтканда, визалык режимди сактоо зарылчылыгы тууралуу маалымат берди. Ал элчилик Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтты.