Кыргызстан – дээрлик он миңдеген мөңгүнүн мекени. Акыркы 20 жылдын ичинде алар кайра калыбына келбегидей эригенине күбө болуудабыз – Садыр Жапаров

Кыргызстан – дээрлик он миңдеген мөңгүнүн мекени. Акыркы 20 жылдын ичинде алар кайра калыбына келбегидей эригенине күбө болуудабыз – Садыр Жапаров

«Мөңгүлөрдүн эриши менен табигый суу запасынын азайышы орду толгус кырсыкка алып келиши мүмкүн», – деп билдирди президент Садыр Жапаров The Independent британ басылмасына берген эксклюзивдүү маегинде. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы жазат.

Мамлекет башчысы өзүнүн интервьюсунда климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу мамлекеттердин элдерине тийгизген катуу таасири көп учурларда көз жаздымда калып жатканын айтты.

«Бул өзгөчө тоолуу өлкөлөргө тиешелүү, анткени бул көйгөйлөр тоолуу аймактар үчүн кыйла динамикалуу жана спецификалык мүнөзгө ээ: мөңгүлөрдүн эриши менен табигый суу запасынын азайышы орду толгус кырсыкка алып келиши мүмкүн.

Мына ошондуктан эл аралык коомчулук климаттын өзгөрүшүнөн улам катуу жапа чеккен өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөрдүн муктаждыктарына өзгөчө көңүл бурушу зарыл жана климаттын өзгөрүшүнө каршы чара көрүүдө «климаттык адилеттүүлүк» концепциясынын маанилүүлүгүн эске алуусу кажет.

Кыргызстан – дээрлик он миңдеген мөңгүнүн мекени. Акыркы жыйырма жылдын ичинде биз суу ресурстарынын акырындык менен азайышына алып келген кылым карыткан мөңгүлөрдүн кайра калыбына келбегидей эригенине күбө болуудабыз», – деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Эскерте кетсек, окумуштуулар глобалдык ысуунун айынан 2050-2075-жылдарга чейин Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 70%ы эрип жок болушу мүмкүн экенин айтышкан.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 79.50
EUR 83.20
RUB 1.37
Моссовет
USD 80.77
EUR 84.52
RUB 1.38

Конвертер валют