Эгерде казино боюнча мыйзам колдоодон өтсө, алар биринчи кезекте Ысык-Көлдө, анан Бишкекте ачылат – Акылбек Жапаров

Эгерде казино боюнча мыйзам колдоодон өтсө, алар биринчи кезекте Ысык-Көлдө, анан Бишкекте ачылат – Акылбек Жапаров

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар кумар оюндарына байланыштуу мыйзам долбоорун талкуулап жатышат. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров бул мыйзамдын колдоого активдүү чакырып жатат.

«Республика боюнча канча кумаркана ачабыз деп жатасыздар жана кайсы жерлерде?» – деп сурады депутат Алишер Эрбаев.

«Эгерде мыйзамды кабыл алып берсеңиздер, анда кайсы жерде ыңгайлуу болсо, ошол жерлерде ачабыз деп жатабыз. Мыйзамга 20дан ашык номери бар мейманкана болсун, 100 орундан кем эмес ресторан болсун деген талапты жазып койдуңуздар. Сиздер киргизген чектөөлөр менен, биз Кыргызстандын кайсы жеринде ылайыктуу болсо, ошол жерде ачабыз. Убагында чек араларда да ачылган эле.

Эгерде бул мыйзамды колдоп берсеңер, анда быйыл биринчи Көлдө, анан Бишкекте ачылат», – деди Акылбек Жапаров.

«Алып келинүүчү оюн аппараттары салыктардан бошотулабы?» деген суроого Жапаров бардык казинолук жабдуулар, аппараттар үчүн салык төлөнөрүн айтты. Эгерде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келсе, анда КНС гана, башка өлкөлөрдөн алынып келсе, анда бажы алымдары да төлөнөрүн айтып кошумчалады.

Ошондой эле чет өлкөлүк кумарчыларга акча тарабынан эч кандай чектөө болбойт имиш. Кыргызстанга каалаганча каражат, акча түрүндөбү, алтын түрүндөбү, алып кире алат. Көзөмөл санарип технологиялары аркылуу жүрмөкчү.

«Биз алдын ала эсептелген салык киргизебиз: ар бир столго 750 миң сомго чейин, бир оюн автоматына – 50 миң сомго чейин ай башында салык төлөнөт. Ставка кабыл алуучу бир пунктка 200 миң сомго чейин (салык) киргизип жатабыз», – деди минкаб башчысы.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 79.50
EUR 83.20
RUB 1.37
Моссовет
USD 80.77
EUR 84.52
RUB 1.38

Конвертер валют