Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести колдоо үчүн кошумча 50 млн доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести колдоо үчүн кошумча 50 млн доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк микро, кичи жана орто ишканаларга (МОБ) кошумча 50 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги уюштурган тегерек столдун жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын өкүлү Эмико Тодороки билдирди.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков өз сөзүндө финмин Дүйнөлүк банк менен биргеликте «Чакан жана орто бизнести тез арада колдоо» долбоорунун каржылык колдоосунун экинчи фазасын иштеп чыкканын, анын суммасы 50 млн долларды түзгөнүн баса белгиледи. Анын 25 миллиону Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын гранты, дагы 25 млн доллары кредитке берилген.

«Кошумча каржылоону алуу боюнча буга чейин Финансы министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишимге кол коюлган, биз аны жакында Жогорку Кеңештин ратификациялоосуна алып чыгабыз», – деди Татиков.

Эмико Тодороки өз кезегинде Дүйнөлүк банк Кыргызстандын антикризистик планына финансылык колдоо көрсөткөнүнө кубанычта экенин белгиледи.

«Биз кошумча каржылоо боюнча чечимди жакында, ушул жылдын 29-апрелинде кабыл алганбыз жана парламенттин ратификациясын күтүп жатабыз. Бул 50 млн доллар Кыргызстандын бизнеси кризиске туруштук берип гана тим болбой, андан ары өнүксүн деп кошулуп жатат», – деди ал.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 79.50
EUR 83.20
RUB 1.37
Моссовет
USD 80.77
EUR 84.52
RUB 1.38

Конвертер валют