Бишкекте эл аралык Expo өнөр жай көргөзмөлөрү ачылды – 200дөн ашык компания катышып жатат

Бишкекте эл аралык Expo өнөр жай көргөзмөлөрү ачылды – 200дөн ашык компания катышып жатат

Бишкекте 200дөн ашык компаниянын катышуусунда «Expo-Russia Kyrgyzstan 2022» жана «Expo Eurasia 2022» биринчи эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү ачылды. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул эки көргөзмөнүн максаты – ата мекендик бизнести колдоо, биргелешкен ишканаларды түзүү жана инвестиция тартуу.

Көргөзмөдө 15 кыргызстандык жана 50дөн ашык россиялык компания өз продукцияларын жана кызматтарын көрсөтүштү. Франциядан, Албаниядан, Канададан жана башка өлкөлөрдөн келген дагы 200 ишкана бизнес байланыштарды, анын ичинде онлайн-байланыш түзүү үчүн конок катары катышат.

Көргөзмөлөрдүн ачылышында КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев Кыргызстан бир кезде күчтүү индустриалдык өлкө болгондугун, бирок 90-жылдары өлкө таптакыр өнөр жайсыз калганын белгиледи. «Бүгүн өнөр жайга болгон мамилени өзгөртүүгө басым жасалган алгачкы көргөзмө», – деп кошумчалады ал.

Иш-чара Бишкекте 23-июнга чейин уланып, анда бир катар келишимдер жана макулдашуулар түзүлүп, 24-июнда Ысык-Көлдө туризм тармагы боюнча талкуу менен жыйынтыкталат.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 79.50
EUR 83.20
RUB 1.37
Моссовет
USD 80.77
EUR 84.52
RUB 1.38

Конвертер валют