Алматыдан жана Ташкенттен Ысык-Көлгө күн сайын эл аралык сезондук автобус каттамдары ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ошентип, төмөнкү сезондук эл аралык күнүмдүк автобус каттамдары иштей баштады:
- Чолпон-Ата — Алматы. Жол киренин баасы сүйлөшүлүп жатат.
- Каракол — Алматы. Жол киренин баасы сүйлөшүлүп жатат.
- Чолпон-Ата — Ташкент. Жол киренин баасы 1 300 сом.