Чет өлкөдө окуп келген кыргызстандык кыздар кантип акча табышат? Шыктандырган ийгилик окуялары

Чет өлкөдө окуп келген кыргызстандык кыздар кантип акча табышат? Шыктандырган ийгилик окуялары

Бир нече жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз кыз-келиндеринин эркиндигин чектөөгө багытталган сунуштарды айтып, муну кыздардын өздөрүнө пайдалуу деп түшүндүрүп келишет.

Депутаттар жана айрым аткаминерлер кыздардын ата-энесинин уруксатысыз чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салууну, же турмушка чыккандан кийин гана уруксат берүүнү тынбай сунуштап келишет. Алар чет өлкөдө кыздар мыйзамсыз төрөп, картаңдарга турмушка чыгып, алтургай сойкулук менен алектенген учурлар көп деп айтышат.

2013-жылы депутат Ыргал Кадыралиева да ушуну айтып сүйлөп чыккан. Кийин 2015-жылы мындай сунушту депутат Турсунбай Бакир уулу айтса, быйыл депутат Шайлообек Атазов айткан. Бул жагдай боюнча комментарий берип жатып, «Бишкек» ЭЭАнын жетекчиси Кудрет Тайчабаров «Фейсбуктагы» баракчасында чет өлкөгө чыккан кыздардын баары секс-кызмат көрсөтүү тармагында акча таап, унаа, смартфон сатып алып, ресторандарда жүрөт деп жазган.

Мындай демилгелер адамдын эркиндигин чектөөгө тыюу салынары ачык жазылган Конституцияга каршы келгени менен бирге, мындай билдирүүлөр чет өлкөгө билим, тажрыйба топтоп, анан чындап эле чоң долбоорлорду ишке ашырып жаткан кыздарды мазактоо болуп саналат.

Economist.kg жагдайга башка жагынан көз чаптырып, кыздар өз алдынча акча таап, ийгиликке жетерин далилдеген, чет өлкөдө билим алып, бийик максаттарга жеткен кыргыз айымдары тууралуу кеп кылууну туура көрдү.

Белгилей кетсек, бул тизмеде өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон кыргызстандык аялдардын жалпы санынын 1% да жок. Буга чейин белгилүү болгон Валентина Шевченко менен Айсулуу Тыныбековадан башка дагы бир нече наамдарды чогултуп, кыргыз аялдары чет өлкөдөн кандай пайдалуу билим, жөндөм жана тажрыйба алышканы жөнүндө айтып берүүнү чечтик.

Асел Сартбаева жана укмуштуу илимий жетишкендиктер

Асел Сартбаева белгилүү окумуштуу айым. Кембриджде грант алып, андан кийин Оксфорддо окуган. Ал Улуу Британиядагы Бат университетинин мугалими, кафедра доценти. Ошондой эле Асел бир кезде Ньютон негиздеген Улуу Британиянын Королдук коомунун мүчөсү.

Аселдин жетишкендиктери көп, эгерде кыскача айтсак, ал кандидаттык диссертациясын жактап, мурда эч ким далилдей албаган иондук диффузиянын татаал процесстерин практикада далилдеген. Андан тышкары, Асел Кембриджде окуп жүргөндө үч илимий эмгек жазган.

Азыр Асел Сартбаева вакциналарды сактоонун инновациялык ыкмасын табуу үстүндө иштеп келет, бул белгилүү бир температуралык режимди сактоо менен кымбат жана татаал транспорттоону жокко чыгарат.

Динара Руслан жана IT компаниясы

Динара Руслан 18 жашында 2010-жылы Work & Travel программасы менен Нью-Йоркко кеткен. Ал 2015-жылы Калифорниядагы Линкольн университетин аяктап, 2016-жылы мекенибизди өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн Кыргызстанга кайтып келген. Ал IT тармагында жаш балдарды окутуп, аларды чыныгы адис кылып өстүрөт.

Кыргызстанга кайтып келгенден кийин Динара Codify Lab компаниясын негиздеп, эки жылдын ичинде Кыргызстандагы эң ийгиликтүү стартаптардын бирине айланган. Учурда компания 5 млн долларга бааланган.

Алия Рахман жана шырдак жасоо

Алия Рахман 11 жыл Америкада, Германияда жашап, андан соң Кыргызстанга кайтып келип, кыргыздын этникалык өнөрүн чет өлкөлөргө тааныткан. Мындан тогуз жыл мурун Алия шырдак чыгаруучу Nakta Designs ишканасын ачкан. Бул компания шырдактарды Европага жана АКШга жөнөткөн эл аралык компания болуп саналат.

Миңден ашык аялга жаңыча шырдак жасоону үйрөтүп, иш менен камсыз кылган. Азыр аймактардагы кыз-келиндер шырдак жасап, дүйнөлүк рынокко сатышууда.

Айканыш Сапаралиева жана Glovo

Айканыш Сапаралиева Улуу Британиядагы Уорвик университетинин электрондук бизнести башкаруу боюнча магистратурасын аяктаган. Ал Нью-Йорктогу БУУнун штаб-квартирасында электрондук өкмөт кеңсесинде стажировкадан өтүп, 2018-жылы электрондук өкмөттү өнүктүрүү боюнча БУУнун изилдөө долбоорун даярдоого катышкан. Кыргызстанга кайтып келип, ал Кыргызстандын Электрондук коммерция ассоциациясын түзүүнүн демилгечиси болуп, өлкөдө бул багытты өнүктүрүүгө активдүү катышууда.

Бүгүнкү күндө ал эл аралык компаниянын Glovo Кыргызстан өкүлчүлүгүн жетектейт, ал платформа катары 600дөн ашык жигердүү курьерге өз кирешелерин көбөйтүүгө, кичи жана орто бизнестин 1000ден ашуун өкүлдөрүнө онлайн-рынокко чыгууга мүмкүндүк берет.

Алима Исманкулова жана Fresco балмуздактары

Алима Исманкулова Голландиядагы бизнес мектебинин магистратурасын аяктаган. Андан кийин ал табигый азыктардан жасалган балмуздактарды жасап сатууну эңсей баштаган. Атайын бул үчүн Италияда балмуздак жасоо технологияларын үйрөнүп, андан кийин биздин өлкөдө өстүрүлгөн же өндүрүлгөн азыктардан табигый балмуздак чыгарган Fresco компаниясын негиздеген. Анын компаниясына айылдарда сүт, жаңгак, мисте жана башка азыктарды өндүргөн фермерлер продукциясын алып келип сатышат.

«Фреско» Кыргызстанда өзүнүн технологиясы менен жана жалаң натуралдык продукциядан балмуздак чыгарган алгачкы ата мекендик компаниялардын бири.

Махабат Сайракунова жана Goal Training билим борбору

Махабат Сайракунова университетти аяктагандан кийин Бишкектеги Кембридж эл аралык мектебинде мугалим болуп иштей баштаган. Анан ал Дубайга көчүп, маркетингдик компанияда иштеп, ошол эле учурда Малайзия университетинде алыстан окуу бүтүргөн. Махабат өзүнүн уникалдуу англис тилин окутуу программасын иштеп чыккан. Ал АКШга магистратурага тапшырып, бирок виза ала албаган соң, Бишкекке кайтып келип, өзүнүн билим берүү борборун ачууну чечкен.

Goal Training кыргызстандыктар үчүн уникалдуу диспетчердик тренингдерди өткөрөт. Бул курстарды бүтүргөндөр жүк ташуучу бизнеске өтүп, орточо айлык маянасы айына 1500-2000 доллардык чет өлкөлүк компанияга жумушка орношуп, башка мамлекетке кетпей, бул жерде, Кыргызстанда, үй-бүлөсүнүн жанында иштей алышат.

Гүлзада Ургуналиева жана IT долбоорлору

Гүлзада Ургуналиева окуусу жана кесиптик ишмердүүлүгү боюнча 14 мамлекетте болгон. Жумуш сапарларынын алкагында тынымсыз IT секторунун ишин жана түздөн-түз IT тармагындагы кыздардын ишмердүүлүгүн изилдеп, андан кийин алган тажрыйбасын Кыргызстандын IT тармагын өнүктүрүүгө колдонгон. Гүлзада Кыргыз программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулар ассоциациясынын (КАРПОУ) директорунун орун басары болуп иштеп, Кыргызстанда биринчи IT академиясынын пайда болушуна салым кошкон. Кийинчерээк бирикменин ишмердүүлүгүнүн аркасында бир нече социалдык долбоорлорду ишке ашырып, аймактардан келген кыздарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга программалоону бекер үйрөтүшкөн.

2022-жылы 4000 катышуучунун ичинен ал АКШнын Калифорния штатында илим, технология, инженерия жана математика боюнча адис аялдар үчүн престиждүү TechWomen насаатчылык программасынын финалисти болуп чыккан. Эл аралык аянтчада ал дагы бир нече кыргызстандык кыз-келиндер менен Кыргызстандын IT тармагынын иши менен тааныштырды.

Сайкал Шамкеева жана академиялык ишмердүүлүк

Сайкал Шамкеева Америкадагы акыркы классты Линкольн Түштүк-Батыш орто мектебинде бүтүргөн. 2011-жылы Сайкал Малайзиядагы INTI International University & Colleges биотехнология факультетине тапшырган. Ал Улуу Британиядагы Честер университетине магистратурага «Стволдук клеткалар жана регенеративдик медицина» багытына тапшырган.

Сайкал магистратураны аяктагандан кийин Казакстанга Назарбаев университети менен кызматташууга чакырылып, жатын моюнчасынын рагына кабылуу коркунучун аныктоочу аппаратты иштеп чыккан. Сайкал учурда Германиянын Лейпциг университетинен молекулярдык илимдер боюнча докторлук даражасын алууну максат кылууда. Сайкал Кыргызстанга кайтып келип, рак сыяктуу ооруларды аныктоого олуттуу киришүүнү пландоодо.

Авигаиль Менаше жана IT коомчулугу

26 жаштагы кыргызстандык Авигаиль Менаше учурда алдыңкы IT-компанияларды бириктирген жана Кыргызстандагы IT секторун өнүктүрүү боюнча иш алып барган Кыргыз программалык камсыздоону жана кызматтарды иштеп чыгуучулардын ассоциациясын (КАРПОУ) жетектейт.

Авигаиль өзүнүн иш сапарларынын алкагында Кыргызстанды IT-долбоорлор үчүн жагымдуу өлкө катары гана таанытпастан, Кыргызстандагы IT-бизнестер менен башка өлкөлөрдөгү бизнес-коомчулуктардын ортосундагы мамилелерди өнүктүрөт.

Кошумчалай кетсек, жакында АКШга болгон сапарынан кийин Авигаиль дүйнөнүн эң белгилүү университеттеринин бири – Массачусетс технологиялык институтуна (MIT) Кыргызстандын IT тармагындагы потенциалы тууралуу презентация өткөрдү. MIT өкүлдөрү азыр ар кайсы факультеттердин студенттерин Кыргызстандын ишканаларына стажировкага жиберүүнү карап жатышат. Сапардын жыйынтыгында Эл аралык Америка Бизнес Ассоциациялары, Силикон өрөөнүндөгү алдыңкы акселераторлор менен өнөктөштүк түзүлүп, Чикаго, Нью-Йорк жана Калифорниядагы кыргыз диаспорасы менен бирге IT-компаниялар үчүн форум жана бизнес-тур уюштуруу боюнча демилге көтөрүлдү.

Бул демилгенин алкагында экспортту көбөйтүү жана АКШдан мындан да көп IT долбоорлорду тартуу пландалууда.

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги инвесторлор үчүн колдонмо иштеп чыкты 30 июня 2022 г.    18:08
«Кыргызиндустрия» демилгеси астында компьютерлерди, Wi-Fi роутерлерин жана кассалык машиналарды чыгаруу пландалууда 30 июня 2022 г.    17:31
Кыргызстандын Кытайга карызы 1.8 млрд долларга жакындады 30 июня 2022 г.    16:49
Кыргызстандын Сот департаменти менчиктештирилип, калыбына келтирилген «Синегорье» пансионатын тартып алууга аракет кылууда – ээлери президенттен коргоо сурашууда 30 июня 2022 г.    15:58
Айыл тургундары өз алдынча онлайн-курстарды ача башташты 30 июня 2022 г.    14:47
Кытай экинчи айланма Чүй каналынын курулушун каржылайт 30 июня 2022 г.    13:59
Түркиялык YDA Group компаниясы «Манас» жана «Ош» аэропортторун сынаксыз 39 жылга башкарууга алат — Жанар Акаев 30 июня 2022 г.    12:45
Минкаб башчысынын жаңы орун басарлары ант беришти 30 июня 2022 г.    12:23
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 79.50
EUR 83.20
RUB 1.37
Моссовет
USD 80.77
EUR 84.52
RUB 1.38

Конвертер валют