Кыргызстандын Улуттук банкы кайрадан валюта рыногунда интервенция жүргүздү. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалды.
17-июнда Улуттук банк 51.4 млн доллар сатып алган. Анын 25.4 млн доллары келишим түзүлгөн күнү алынып, ал эми 26.04 млн доллар боюнча эсептешүү келишим түзүлгөндөн башка күнү жүргөн.
Акыркы айдын ичинде бул долларды сатып алуу боюнча жасалган төртүнчү интервенция. Жалпысынан быйыл Улуттук банк чет элдик валютаны сатып алуу боюнча беш интервенция жүргүзгөн. Буга чейин регулятор чет элдик валютаны 30 жана 31-мартта, ошондой эле 18, 20-майда жана 10-июнда сатып алган.