Кыргызстанда өсүмдүк майын өндүрүүнүн көлөмү керектөөнүн 10-12%ын камсыз кылат. Ошондуктан майдын 90%ы чет өлкөдөн (Россия, Казакстан) ташылып келет. Биз жума сайын сатып алган өсүмдүк майынын баасы эмнелерден түзүлөт? Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги маалымат берет.
Май өндүрүүдө чыгымдардын эсеби төмөнкүдөй нерселерден түзүлөт:
- чийки зат жана негизги материалдар, калдыктар жана кошумча чыккан продукция (кемитилет);
- көмөкчү жана таңгактоочу материалдар;
- технологияга кеткен отун жана энергия;
- өндүрүш кызматкерлеринин эмгек акысы, социалдык төлөмдөр;
- жабдууларды эксплуатациялоого чыгашалар, жалпы өндүрүштүк чыгашалар, жалпы чарбалык чыгымдар, бракка байланыштуу жоготуулар, башка өндүрүштүк чыгымдар;
- ишке ашырууга кеткен чыгымдар.
Өсүмдүк майларын жана алардан жасалган продукцияны чыгаруучу ишканалардын даяр продукциясына: рафинирленбеген майлар, тазартылган майлар, гидратталган майлар, олифа, сиккатив жана башка продукциялар кирет.
Жөнөкөйлөтүлгөн формуланы колдонуу менен күн карама майын өндүрүүнү минтип эсептесе болот:
1 литр май = 2.5 кг күн карама
тазалоо үчүн 6% жоготуу + 6 рубль таңгактоо үчүн
Күн караманын (уруктун) килограмманын баасы 30 рублди түзөт.
Ошентип, уруктардын баасы 30 рубль – 2.5 кг * 30 рубль + 6% жоготуу (4.5 рубль) + 6 рубль таңгак = 85.5 рубль (тазаланган, куюлган майдын 1 литри). Бул литрине 119.7 сомду түзөт. Бирок, бул баа салыктарды жана сатууга кеткен чыгымдарды камтыбайт. Аларды кошкондо, өсүмдүк майынын баасы орточо эсеп менен 20% же андан ашык пайызга өсөт. Ошондо заводдон чыккан майдын дүң сатуу баасы литрине орто эсеп менен 142 сомду (УБ курсу менен) түзөт.
Төмөндө өсүмдүк майын импорттоочулардын дүң сатуу баасынын орточо эсеби келтирилген:
Чыгымдардын структурасы | 1 литр үчүн чыгым (сом) | |
Россиядагы сатуу баасы | 142 | |
Транспорттук чыгымдар | 4 | Орточо алганда, жеткирүү баасы 20%га өскөн |
146 | ||
КНС жана сатуу салыгы (1%) | 1.46 | 2022-жылдын 23-мартынан баштап КНСтен бошотулган |
147.5 | ||
Жеткизүүчүнүн кошумча чыгымдары (пайданы кошкондо) | 7.3 | |
Дүң сатуу баасы | 154.8 | |
Сатуу баасы | 160 |
Учурда өсүмдүк майын ташып келүүдө жана сатууда КНСтин ставкасын нөлгө түшүрүүнү эске алуу менен, өсүмдүк майынын баасы турукташып, литрине 130 сомдон 185 сомго чейин өзгөрдү.
Ошондой эле импортёрлор өсүмдүк майынын башка түрлөрүн да арзаныраак баада сатып алышат.
15.06.2022-жылга карата орточо рыноктук салыштырмалуу баалар (сом/литр):
Товардын аталышы | Кыргызстан | Казакстан | Россия | Беларусь | Армения | Тажикстан | Өзбекстан |
Тазаланган күн карама майы | 160 | 182 | 176 | 138 | 295 | 209 | 214 |