Орто-Токой суу сактагычында иштегендер 4-5 миң сомдон гана айлык алышат

Орто-Токой суу сактагычында иштегендер 4-5 миң сомдон гана айлык алышат

Суу сактагычты тейлеген кызматкерлер депутат менен болгон жолугушууда атайын жүктөгүч техникасы жоктугуна жана айлык маянанын аздыгына арызданышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев Нарын облусуна иш сапары менен барды. Сапардын алкагында депутат баштаган мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү Кочкор жана Нарын райондорундагы ирригация жана мал чарба чарбачылыгына тиешелүү долбоорлордун аткарылышын талкуулайт.

Алгач депутат Аманкан Кенжебаев Орто-Токой суу сактагычына барып,  суу берилүүчү жайынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Белгилүү болгондой, учурда суу сактагычтагы топтолгон суунун көлөмү 308 млн куб, ал эми чыгарылган суунун көлөмү секундасына 125 куб.

Суу сактагычты тейлеген кызматкерлери менен болгон жолугушууда жумушчулар атайын жүктөгүч техникасы жок экенин айтып, муну менен катар айлык маянанын аздыгын белгилешти. Тагыраагы гидротехникалык курумдар боюнча инженер Бакыт Абдылдаев кызматкерлер 4-5 миң сомдон гана айлык алып жатканын маалымдады. Ошондой эле жумушчулардын балдарын мектепке алып барып келүү үчүн кичи автобус керектиги айтылды.

Депутат Аманкан Кенжебаев суу тармагын жөнгө салган мыйзамдарда мүчүлүштүктөр бар экенин белгилеп:

«Саясатты өзгөртүп, алгач суу сактагычтардын ишин жакшыртуу кажет. Бир техника маселеси чечилбей жатканы тармакта жүргүзүлүп жаткан иштин начардыгын көрсөтүүдө», – деди.

Андан тышкары депутат суу тармагына тиешелүү маселелердин баарын бир мекемеге жүктөп, анын жоопкерчилигин да жогорулатуу зарылчылыгына токтолуп, бул жаатта комплекстүү чаралар керектигин белгиледи.

Айтылган маселелердин баарын тиешелүү мекемелер менен бирге чечүү аракети көрүлөрүн кошумчалаган эл өкүлү Жогорку Кеңештин тармактык комитети бардык керектүү чечимдерди кабыл алып берерин айтты. Андан тышкары, комитет төрагасы Кочкор районундагы «Кеңеш» насостук станциясынын иши менен таанышты. Станция жетекчилиги айлык маянаны көтөрүү, темир устаканасын жаңыртуу жана техникаларды чет өлкөдөн алып келүүдө бажы тоскоолдуктарын жоюу сунушун көтөрдү.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 83.00
EUR 84.51
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.75
EUR 85.98
RUB 1.40

Конвертер валют