Суусамырлыктар «Аталыкка» берилген 3 миң га жерди кайтарууну суранууда

Суусамырлыктар «Аталыкка» берилген 3 миң га жерди кайтарууну суранууда

Бүгүн Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылынын тургундары чогулуп, 5 миң га жерди ала албай жатышканын жана Арамза жайлоосуна баруучу жолдогу бузулган көпүрөнүн айынан катаал жана узак жол басып жатышканын айтып арызданып чыгышты, деп билдирет turmush.kg.

Бузулган көпүрөнү жана эски көпүрөлөрдү оңдоо маселесинен тышкары, эл айыл өкмөтүнө тиешелүү жер «Аталык» фирмасына берилгенине нааразы.

«2016-жылдын 19-августунда элдик жыйындын негизинде 5000 гектар жер «Агротек» компаниясына 49 жылга ижарага өтүп кеткен. Алар: «италиялык инвесторлор менен иштешебиз, малга тоют даярдоочу жай курабыз, тоюттан тышкары беденин калдыгынан биогаз чыгарабыз, 300гө жакын жумуш орундарын түзөбүз, ар бир үйгө газ түтүгү кирет» деген келишим менен алышкан. Мунун бирин дагы көргөн жокпуз. Ал тургай быйыл, 2022-жылы, жерди башка «Аталык» компаниясына өткөрүп жиберишти. Бул жерди кайра элге кайтарып берсе деп кайрылып жатабыз», – деп билдиришти жергиликтүү активисттер.

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Асылбек Нурбеков учурда аталган жер боюнча Суусамыр айыл өкмөтү сотко кайрылганын айтты.

«Жерди «Аталык» компаниясы өткөрүп алыптыр. Бирок, былтыр Суусамыр айыл өкмөтү 1.5 миӊ гектарын кайра кайтарып алган. Азыр 2900 га жер «Аталыкта» турат. Эл ага нааразы болгондуктан, айыл өкмөт келишимди жокко чыгаруу үчүн сотко берди. Учурда соттун чечимин күтүп жатабыз», – деди ал.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 83.00
EUR 84.51
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.75
EUR 85.98
RUB 1.40

Конвертер валют