Чикагодогу кыргыз жаштары негиздеген DevX School компаниясы Сингапурдагы Antler дүйнөлүк акселераторуна кирди

Чикагодогу кыргыз жаштары негиздеген DevX School компаниясы Сингапурдагы Antler дүйнөлүк акселераторуна кирди

Чикагодогу кыргыз жаштары негиздеген DevX School компаниясы Сингапурдагы Antler аталган дүйнөлүк акселераторго кирип, мындан ары өсмөкчү. Компания миң талапкердин арасынан тандалып алынган. Бул тууралуу негиздөөчүлөрдүн баянын жазган limon.kg порталы билдирди.

DevX School буткэмпи билим берүү жаатында, өзгөчө программалоого үйрөтүү боюнча иштейт. Ал 2019-жылы кыргызстандык Адина Тилек жана Аскар Мусакунов тарабынан негизделип, жаштарды окута баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин 300дөн ашык студент курстарды бүтүрүп, компаниянын жылдык айлануусу 1.3 млн долларга жеткен.

Эми DevX School бир нече ай бою өз бизнесин кеңейтүү боюнча иштеп, андан ары да финансы тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Antler – бизнестин эң алгачкы өнүгүү этаптарынан баштап инвестиция жасаган, таланттуу адамдарды өстүргөн глобалдык венчурдук компания. Бүгүнкү күнгө карата бул акселератор дүйнө жүзү боюнча 30 түрдүү тармактагы 420 компанияга инвестиция жасаган.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 83.00
EUR 84.51
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.75
EUR 85.98
RUB 1.40

Конвертер валют