Appboxо аталган кыргызстандык стартап Борбор Азия боюнча эң мыкты деп табылды

Appboxо аталган кыргызстандык стартап Борбор Азия боюнча эң мыкты деп табылды

Appboxо аталган кыргызстандык стартап Казакстанда өткөн биринчи Борбор Азиялык венчурдук форумда (CAVF) «Борбор Азиядагы эң мыкты стартап» сыйлыгын алды.

Иш-чарада тажрыйбалуу венчурдук инвесторлор жана инвестицияларды издеген, рынокко жаңыдан чыккан стартапчылар чогулду.

Аccelerate Prosperity Кыргызстан жана Accelerate Prosperity Таджикистан форумда АР глобалдык кеңсесинин атынан катышып, CAVF форумунун расмий өнөктөшү болушту.

Форумдун спикерлери: Тимур Турлов, Айдын Рахимбаев, Мурат Абдрахманов, Адил Нургожин, Ануар Сейфуллин, ошондой эле КМШ, АКШ жана Европанын өнүккөн венчурдук капитал рынокторунда эксперт болгон ондогон ийгиликтүү казакстандыктар сүйлөп чыгышты.

Белгилей кетсек, Каниет Раев менен Нурсултан Кеңешбековдун Appboxo стартапы жыл башында англиялык RTP Global венчурдук фондунан 7 млн доллар тартышкан.

Appboxo иштеп чыгуучуларга өз колдонмолорунан «супер-колдонмолорду» жасоого мүмкүндүк берет. Ал эми колдонуучулар бир колдонмонун ичинде бир нече мини-колдонмону пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Бүгүнкү күндө Appboxo-нун кардарларынын катарына GCash, Paytm жана VodaPay кирет. Appboxo Түштүк-Чыгыш Азиядагы, Индиядагы жана Түштүк Африкадагы өнөктөштөр менен иштейт. Компания 400дөн ашык мини-колдонмолордун интеграциясынын иштөөсүн камсыз кылат. Appboxo-нун колдонуучуларынын жалпы саны 500 миллиондон ашат.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 83.00
EUR 84.51
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.75
EUR 85.98
RUB 1.40

Конвертер валют