Кыргызстандагы IT-стартаптардын жалпы баасы жарым миллиард доллардан ашат

Кыргызстандагы IT-стартаптардын жалпы баасы жарым миллиард доллардан ашат

Кыргызстандагы IT-стартаптардын жалпы баасы болжол менен 600 млн долларды түзөт, деп билдирди M-Vector Global компаниясынын башкы директору Наиль Хайбулин Эл аралык көп тармактуу бизнес миссиясынын жүрүшүндө.

Ал «Кыргызстанда россиялык бизнести өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү» аталган панелдик талкуунун жүрүшүндө презентациясын көрсөттү.


Стартаптардын тизмеси жана баасы:

  • Behavox — $500 млн ашык
  • Primer — $30 млн ашык
  • PicvPic — $10 млн ашык
  • Growave — $10 млн ашык
  • Outtalent — $10 млн ашык
  • GoDee — $10 млн ашык
  • Namba One — $10 млн ашык
  • Fitjab — $5 млн ашык
  • Codify Lab — $5 млн
  • Codigy LMS — $1 млн
  • NB Fit — $1 млн
  • Lawsales — $1 млн
  • Alakel — $1 млн
  • DBillions — $1 млн
  • жана башкалар.

Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) директору Чубак Темировдун айтымында, Кыргызстанда стартаптар экосистемасы жаңыдан өнүгүп келе жатат.

«Бул компаниялардын көбү ЖТП резиденттери болуп саналат, алар парк түзүлгөндөн баштап 10 жыл ичинде аутсорсингге долбоорлорду ишке ашырып, тажрыйба топтошкон. Азыр алар өз маселелерин чечүүнүн үстүндө иштеп жатышат», – деди Темиров.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 83.00
EUR 84.51
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.75
EUR 85.98
RUB 1.40

Конвертер валют