Республикада 2022-жылы түшүм берүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы айдап-себүү иштери аяктап жатат. Кандай эгин канча көлөмдө эгилгени тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 23-майына карата республика боюнча 668 миң гектарга жакын жаздык эгин айдалды, бул өткөн жылдын ушул учуру менен салыштырганда 5 миң гектарга көп.
Аянтына карата жазгы эгиндерди эгүүнүн көбөйүшү – былтыркы жылдын ушул эле датасына салыштырмалуу пахтанын 9.5%га, жаздык арпанын 9%га, май өсүмдүктөрүн 4%га пайызга жана картошканын 3%га өсүшүнүн эсебинен болду.
Ошону менен бирге жаздык буудайдын, буурчак дан жана кант кызылчасынын айдоо аянттары кичирейди. Мисалы, буудай былтыр 116.6 миң гектарга эгилсе, быйыл – 101.4 миң гектарга эгилген.
Жаздык эгиндердин жалпы аянтында эң чоң үлүш – 33%дан ашыгы – Чүй облусуна, 15%га жакыны – Ош жана Ысык-Көл облустарынын, 13%тен ашыгы – Жалал-Абад областынын чарбаларына туура келген.
Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарынын бийик тоолуу аймактарында жазгы эгин себүү иштери уланууда.