Кыргызстандын Ирандагы элчилиги Тегеран шаарында өткөн «Ислам дүйнөсүндөгү туризм» Биринчи эл аралык көргөзмөсүнө катышты

Кыргызстандын Ирандагы элчилиги Тегеран шаарында өткөн «Ислам дүйнөсүндөгү туризм» Биринчи эл аралык көргөзмөсүнө катышты

Кыргызстандын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги 2022-жылдын 7-8-июнунда Тегеран шаарында өткөн «Ислам дүйнөсүндөгү туризм» Биринчи эл аралык көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ирандын Туризм министрлигинин, туроператорлор ассоциациясынын жана «Шахре Афтаб» көргөзмө комплексинин жетекчилиги Кыргызстандын элчилиги тарабынан уюштурулган кыргыз павильонунда болушту, анда өлкөбүздүн туристтик дараметин, маданиятын чагылдырган видео- жана басма материалдар, туристтик фирмалардын каталогдору жана брошюралары, Кыргызстандын кооз жерлери тууралуу маалыматтар сунушталган.

Ошондой эле көргөзмөнүн жүрүшүндө туристтерди алмашуу боюнча Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар ирандык 20дан ашык туристтик компаниялар менен жолугушуулар болуп, байланыштар түзүлдү.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 83.00
EUR 84.51
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.75
EUR 85.98
RUB 1.40

Конвертер валют