Казакстан менен Өзбекстан «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусундагы «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушунун башталышына старт берүү иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Президент ошондой эле «Камбар-Ата-1» ГЭСинин негизги курулушуна даярдык көрүү иштерине республикалык бюджетти кайрадан карап чыгып, бюджеттен тиешелүү суммадагы (болжолдуу сумма – 1.5млрд сом) акча каражатын бөлүүнү чечкенин жана ал каражат ГЭС курула турган аянтка баруу үчүн транспорттук тоннель, Нарын дарыясынын эки жээгин бириктире турган көпүрө, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, автожолдорду жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшаларын билдирди.
«Даярдык көрүү иштеринин аткарылышы негизги курулуш иштерин жүргүзүү аянтына болгон инвесторлордун, өнөктөштөрдүн кызыгуусун арттырат. Учурдан пайдаланып кызыкдар өнөктөштөрдү бул долбоорду ишке ашырууда кызматташууга даяр экенибизди билдирип кетким келет. Учурда кошуна Казакстан менен Өзбекстан инвестиция салууга даяр экендигин билдиришти.
Чындыгында биз Нарын дарыясынын болгону 10 % сугат суу катары колдонобуз. Калганын кошуна өлкөлөр колдонушат. Алар инвестиция салып, салым кошушса биз кубануу менен кабыл алабыз», – деди Жапаров.