Бүгүнкү күндө ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына карата суроо-талап, сунушка салыштырмалуу бир аз басымдуулук кылып жаткандыгы байкалууда. Ошентсе да ички валюта рыногунда кырдаал туруктуу сакталып турат. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Улуттук банк АКШ долларынын сомго карата курсу чет өлкө валютасына суроо-талаптын жана сунуштун негизинде аныкталарын жана күнүмдүк турмушта алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүүлүгү күндө байкалып тураарын айтат.
«Ушуга байланыштуу валюталар курсу бир күн, жума, ай ичинде жогорулап же төмөндөп турушу мүмкүн. Алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү режими колдонулган өлкөлөрдө алмашуу курсунун өзгөрүп турушу табигый көрүнүш жана ал дайыма эле Улуттук банктын кийлигишүүсүн талап кыла бербейт», – дейт регулятор.
2022-жыл башынан тартып 26-майга чейин алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, Улуттук банк 284.30 млн доллар суммасында чет өлкө валютасын сатуу боюнча беш интервенция (анын ичинен 66.65 млн доллар накталай түрдө сатылган) жана 46.45 млн доллар сатып алуу боюнча эки интервенция өткөргөн. Жыйынтыгында, таза сатуу 237.85 млн долларды түзгөн.
Эскерте кетсек, бүгүн, 27-майда, жума күнү, саат 18:45ге карата Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу 84.3 сомду (сатып алуу) жана 85.3 сомду (сатуу) түздү.
Ал эми Улуттук банк 27-майга доллардын расмий курсун 79.50 сом деп бекитти.