Кумтөр кенинин борбордук карьеринин капталдары кыймылдаган жерлерден кызматкерлер жана техникалар чыгарылды. Бул тууралуу «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк билдиргенин «Азаттык» маалымдады.
Анда Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөргө бара жатканын, соңку окуя кен казуу иштерине таасирин тийгизгенин, буга байланыштуу пландар өзгөрөрүн билдирген.
«Адистерди чакыртып, изилдеп жатабыз, бул эми табигый көрүнүш да. Ушундай учур 2002-жылы болгон, 2006-жылы да жылып кеткен. Тоо чоң жерден казылган, карьер абдан чоң: анын узундугу үч, туурасы эки, тереңдиги бир чакырым. Ушундай учурда жылыштар болот» – деди Бөлтүрүк.
Белгилей кетсек, Кумтөр кенинин борбордук карьеринин каптал тектери жыла баштаганда министрлер кабинети карьердин чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабындагы кыймылдын ылдамдыгынын тездешинин себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия түзгөн.
Документке ылайык, ведомстволор аралык комиссия бир жумалык мөөнөттө:
- «Кумтөр» кенинин «Борбордук» аймагынын чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабындагы кыймылдын ылдамдыгынын тездешинин себептерин аныкташы керек
- «Кумтөр Голд Компаниге» Кумтөр кенинин «Борбордук» аймагындагы аталган бөлүгүндөгү кыймылдын ылдамдыгын азайтуу жана токтотуу боюнча сунуштарды бериши зарыл.
Ал эми «Кумтөр Голд Компаниге» аталган кооптуу аймактарда иштөө чараларын көрүү жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, техникалык чечимдерди иштеп чыгуу тапшырылган.