Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) агроөнөр жай комплексин колдоо үчүн Айыл банк аркылуу 8 млн долларлык кредиттик линия ачат. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү макулдашууга кечээ, 26-майда Евразиялык экономикалык форумдун алкагында кол коюлган. Белгиленгендей, долбоордо карыз алуучу кардарга максаттуу кредиттик линияны ачуу каралган.
«Долбоордун максаты – агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү. Агроөнөр жай сектору КРнын экономикасында олуттуу роль ойнойт жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда жаңы соода мамилелерин жана товарларды жеткирүү чынжырларын курууда чоң экспорттук потенциалга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ.
Долбоорду ишке ашыруу айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө да, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларга да колдоо көрсөтөт деп күтөбүз. Ошондой эле экономикада өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана салык төлөмдөрүн көбөйтүү аркылуу экономикалык өсүштүн максаттарына жетишүүгө салым кошору күтүлүүдө», – деди ЕӨБ башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов.
2014-2017 жана 2018-жылдары КРдагы кичи жана орто бизнести колдоо программасынын алкагында «Айыл Банкка» жалпысынан 20 млн долларлык кредиттик линиялар берилген.