«Кыргыз темир жолу» МИ 30-майдан 3-июнга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 129-чакырымында коркунуч жараткан таштарды түшүрүү жумуштары (Боом капчыгайы, темир жолдун 3899 км) жүргүзүлөөрүн маалымдайт.
Жумуштар КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин, саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.
Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.
Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.