Учурда Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунда 1 млрд доллар суммасында 55 долбоор бар. Аларды 2022-2026-жылдары ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Евразия экономикалык форумунда Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшанбек Сабиров билдирди.
Сабиров мамлекет менен бизнестин кызыкчылыктарын байланыштырган негизги звено болгон МЖӨ борборунун маанилүү ролун белгиледи.
Ал ошондой эле КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн: либералдык мыйзамдарды, жалпы калкынын саны 550 млн адамды түзгөн сатуу рынокторун, ошондой эле атайын салык өзгөчөлүгү иштеген Жогорку Технологиялык Паркты атады.