Кумтөр кенинин борбордук карьеринин каптал тектери жыла баштады. Министрлер кабинети карьердин чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабындагы кыймылдын ылдамдыгынын тездешинин себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия түзгөн.
Маалыматка караганда, атайын комиссия түзүү чечими 18-майда чыккан. Бул буйруктун аткарылышын министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров көзөмөлгө алган.
Документке ылайык, ведомстволор аралык комиссия бир жумалык мөөнөттө:
- «Кумтөр» кенинин «Борбордук» аймагынын чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабындагы кыймылдын ылдамдыгынын тездешинин себептерин аныкташы керек
- «Кумтөр Голд Компаниге» Кумтөр кенинин «Борбордук» аймагындагы аталган бөлүгүндөгү кыймылдын ылдамдыгын азайтуу жана токтотуу боюнча сунуштарды бериши зарыл.
Ал эми «Кумтөр Голд Компаниге» аталган кооптуу аймактарда иштөө чараларын көрүү жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, техникалык чечимдерди иштеп чыгуу тапшырылды.
Ведомстволор аралык комиссия мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлерин жана көз карандысыз эксперттерди тартууга, ошондой эле анын иши үчүн зарыл болгон материалдарды суроого укуктуу деп белгиленген.