Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин КРга расмий сапарынын алкагында бүгүн, 26-майда, кыргыз-казак биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Төмөнкү документтерге кол коюлду:
- 1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана кылмыш-жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Казакстан менен КРнын ортосундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол
- КР министрлер кабинети менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы чек ара аймактарындагы табигый өрттөрдү алдын алуу жана аларды өчүрүү боюнча келишим
- 2006-жылдын 4-июлундагы КР өкмөтү менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол
- КР министрлер кабинети менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы авиациялык издөө-куткаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу
- Дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу 2022-жылга карата Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы биргелешкен аракеттер планы
- КР Айыл чарба министрлиги менен Казакстандын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба тармагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
- КР Экономика жана коммерция министрлиги, Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги жана «JOINT TECHNOLOGIES» компаниясы ортосунда «Карасу» жана «Ак-Тилек» автожол постторунун аймагында өнөр жай соода-логистикалык комплексинин инфраструктурасын инвестициялоо боюнча меморандум
- КРнын президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстандын Жамбыл облусунун Акиматынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум
- КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Түркестан облусунун акиматынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум
- КРнын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Алматы облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим түзүү ниети жөнүндө протокол
- КРнын президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстандын Караганда облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум
- КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Актөбө облусунун акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум
- КРнын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Атырау облусунун акимиатынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.