Бүгүн, 26-майда Бишкекте өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун алкагында, «Орион» мейманканасынын маңдайында ЕАЭБ мамлекеттеринин агроөнөр жайынын мыкты товарларынын көргөзмөсү өтүүдө.
5 өлкө – Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Армения жана Россия өз өлкөсүндө өндүрүлгөн товарларды – азык-түлүк, айыл чарба техникалары, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн жабдууларды жана башка көптөгөн нерселерди көргөзмөгө коюшту.
Көргөзмө саат 9.00дөн кечки саат 18.00гө чейин уланат.
Сүрөт: Айыл чарба министрлигинин Facebook баракчасынан алынды.