Бишкек шаарындагы борбордук мечит жакынкы күндөрү бузулаары тууралуу маалымат тарады.
Муфтият анын ордуна 10 миң орундуу жаңы мечит курулаарын билдирди.
Ошондой эле муфтияттын билдиргенине караганда, жаңы имараттын сметасы азырынча белгисиз, бирок курулушка кеткен чыгымды демөөрчүлөр көтөрөт. Унаа тыгындары болбошу үчүн жаңы мечиттин жанынан унаа токтотуучу жай да каралмакчы.