Бишкек шаарынын мэри жол тыгынын азайтуу жана унаа токтотуучу жайларды көбөйтүү боюнча тапшырмаларды берди

Бишкек шаарынын мэри жол тыгынын азайтуу жана унаа токтотуучу жайларды көбөйтүү боюнча тапшырмаларды берди

Борбор калаанын мэри унаа тыгындарын азайтуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын  ПМББ жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилери менен калаанын жолдорундагы тыгындарды азайтуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

«Жыйындын жүрүшүндө калаа башчысы Транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине  көйгөйдү  чечүүнүн комплекстүү иш-планын талдап, иштеп чыгууну, Бишкек шаарынын ПМББ менен биргеликте биринчи пилоттук көчөлөр боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды», – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кошумча унаа токтотуучу жайларды жайгаштыруу үчүн шаардын жолдорун изилдөө керек.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 80.98
EUR 82.36
RUB 1.33
Моссовет
USD 83.05
EUR 85.13
RUB 1.37

Конвертер валют