«РСК Банк» ААК 700 млн сом өлчөмүндөгү акцияларын кошумча чыгаруу аркылуу уставдык капиталын көбөйтөт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.
Кошумча капиталдаштыруунун натыйжасында, «РСК Банктын» уставдык капиталы 6 млрд 79 млн сомго жетет.
Кошумча капиталдаштыруунун алкагында чыга турган пландалып жаткан акциялардын саны 1.4 млн нусканы түзөт жана алар түрү боюнча жөнөкөй аталыштагы акциялар болот.
Акциялардын формасы документтик эмес болуп, номиналдык баасы 500 сом. Акциялар болжолдонгон адамдардын чөйрөсүндө, тагыраак айтканда, «РСК Банк» ААКтын акционери – министрлер кабинетине караштуу чөйрөдө жайгаштырылат.