Товар жеткирүүчүлөрдөн электрондук эсеп-фактураны колдонууну талап кылуу боюнча салык кызматкерлеринин аракеттери – мыйзамдуу. Бул тууралуу МСК Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Гүлнара Ускенбаеванын президент Садыр Жапаровго салык салуу системасындагы санариптештирүү боюнча ачык кайрылуусуна жооп берди.
Эскерте кетсек, Жеткирүүчүлөр ассоциациясы Салык кызматынын санариптештирүү иштерине карабай, алар дагы деле электрондук документтердин кагаз жүзүндөгү көчүрмөсүн талап кылып жатышканын айтып даттанган эле.
«Товар жеткирүүчүлөрдөн электрондук эсеп-фактуралардын болуусун талап кылуу боюнча салык кызматкерлеринин бардык иш-аракеттери салык мыйзамдарынын чегинде жүзөгө ашырылууда.
МСК Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын жетекчисинен ЭЭФ колдонбогон ак ниетсиз товар жеткирүүчүлөрдү коргобоону, муну менен салык салуу объекттерин кыскартпоону жана ошол эле учурда салыктарды толук төлөгөн ак ниеттүү жеткирүүчүлөрдүн укуктарын бузбоону өтүнөт», – деп айтылат билдирүүдө.
Өз кезегинде Салык кызматы салыкчылардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу боюнча иштерди жүргүзөт.
Ошондой эле МСК эгерде мындай фактылар орун алса, Салык кызматынын борбордук аппаратына (ишеним телефону (0312) 613189) кайрылууну өтүнөт жана кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аларга карата тиешелүү чаралар көрүлөөрүн айтат.
Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураны КНС төлөөчүлөр, товарларды экспорттоочулар жана импорттоочулар колдонууга милдеттүү. Мындан тышкары, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып министрлер кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы токтомуна ылайык, акыркы 12 айда түшкөн акчасынын көлөмү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр да ЭЭФ тариздөөгө тийиш.