КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы контролун уюштуруу башкармалыгы ташылып кирген электрмобилдерге жеңилдиктерди алуу жөнүндө маалымат берди.
Электрмобилдерге жеңилдиктерди алуу үчүн
тышкы экономикалык иштин катышуучулары электромобилдер келген жери боюнча бажы органдарына белгиленген үлгүдөгү арыз (1-тиркеме) менен кайрылуусу зарыл.
Арыз төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
• ташып кирген моторлуу транспорттук каражаттардын саны
• наркы
• чыгарылган жылы
• маркасы, модели
• кузовдун номери (шасси VIN)
• УСД номери (убактылуу сактоо документи).
Ошондой эле арыз менен бирге паспорттун жана жүк коштоочу
документтердин көчүрмөсүн берүү зарыл.
Бажы органдары бир жумушчу күндүн ичинде документти тышкы
экономикалык иштин катышуучусуна берет, аны бажылык тариздөө жайына (БТЖ) көрсөтүү зарыл.
Тартип тууралуу толук маалымат менен бул шилтемеден менен таанышууга болот.