Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков «Марал» радиосуна берген маегинде сүт азыктарынын кымбат болуп жатканынын себебин түшүндүрдү.
Ошондой эле Жаныбеков сүттүн өндүрүмдүүлүгү төмөн болгондугуна байланыштуу, сүттүн наркы жогору болуп, дыйкандардын тапкан кирешеси төмөн болуп жатканын айткан. Быйыл сүттүн баасы былтыркыга салыштырмалуу эки эсе жогорулады. Муну менен катар ал башка азык-түлүк да эки эсеге кымбаттаганын кошумчалады.
«Биз кайра иштетүүчүлөр менен сүйлөшүп, туура, ыңгайлуу бааны коюунун үстүндө иш алып барып жатабыз. Биринчи сапат, андан кийин баасы дээрлик макулдашууда турат. Баа туура болуш үчүн токтомго ылайык, анын майлуулугу 3.4% болуш керектигин белгилеп, ошого жараша аласыңар деп жатабыз», – деп кошумчалады министр.
Белгилей кетсек, 10-майда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы сүт рыногундагы учурдагы кырдаал боюнча Экономика жана Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле рыноктун түздөн-түз катышуучуларынын – чийки сүттү кайра иштетүүчү заводдор, ошондой эле малчылар жана фермерлер катышкан жыйын өткөргөн.
Анда сүт рыногунун негизги көйгөйлөрү катары аны чогултууда чакан көлөм, мамлекеттик стандарттардын сакталбагандыгы, техникалык шарттардын талаптарын сактабоо, сүттүн сапатын, майлуулугун аныктоодо сүт заводдорунун начар жабдылышы айтылган.