Улуттук банк жүргүзгөн интервенциядан улам доллар көтөрүлүшү мүмкүн – мартта ушундай болгон

Улуттук банк жүргүзгөн интервенциядан улам доллар көтөрүлүшү мүмкүн – мартта ушундай болгон

Улуттук банк кечээ, 18-майда рыноктон 6 млн АКШ долларын сатып алуу боюнча интервенция жүргүздү.

Бул Улуттук банктын АКШ долларын сатып алуу боюнча үчүнчү интервенциясы. Буга чейин регулятор 30-31-мартта долларды сатып алган болчу.

Economist.kg басылмасынын талдоосуна ылайык, Улуттук банктын март айында жүргүзгөн интервенциясынан 3 күндөн кийин доллар 80-82 сомдон 85-86.5 сомго чейин, ал эми бир жумадан кийин 88-89 сомго чейин көтөрүлгөн болчу.

Бирок белгилей кетчү жагдай, марттагы жүргүзүлгөн интервенциянын көлөмү кечээги интервенцияга салыштырмалуу алда канча чоң болчу. Анда КР Улуттук банкы базардан эки күндүн ичинде 19.9 млн доллар сатып алса, кечээги интервенцияда андан үч эсе аз – 6 млн доллар сатып алды.

Кечээки интервенция доллардын курсунун өсүшүнө таасир этеби, азырынча белгисиз.

2022-жылдын 25-мартынан 10-апрелине чейин Бишкек шаарында доллардын рыноктук курсунун өзгөрүүсү
2022-жылдын 25-мартынан 10-апрелине карата КР Улуттук банкындагы доллардын расмий курсунун өзгөрүүсү

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги инвесторлор үчүн колдонмо иштеп чыкты 30 июня 2022 г.    18:08
«Кыргызиндустрия» демилгеси астында компьютерлерди, Wi-Fi роутерлерин жана кассалык машиналарды чыгаруу пландалууда 30 июня 2022 г.    17:31
Кыргызстандын Кытайга карызы 1.8 млрд долларга жакындады 30 июня 2022 г.    16:49
Кыргызстандын Сот департаменти менчиктештирилип, калыбына келтирилген «Синегорье» пансионатын тартып алууга аракет кылууда – ээлери президенттен коргоо сурашууда 30 июня 2022 г.    15:58
Айыл тургундары өз алдынча онлайн-курстарды ача башташты 30 июня 2022 г.    14:47
Кытай экинчи айланма Чүй каналынын курулушун каржылайт 30 июня 2022 г.    13:59
Түркиялык YDA Group компаниясы «Манас» жана «Ош» аэропортторун сынаксыз 39 жылга башкарууга алат — Жанар Акаев 30 июня 2022 г.    12:45
Минкаб башчысынын жаңы орун басарлары ант беришти 30 июня 2022 г.    12:23
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 79.50
EUR 83.20
RUB 1.37
Моссовет
USD 80.77
EUR 84.52
RUB 1.38

Конвертер валют