«Транс Эксперт» ЖЧК 2021-жылдын апрелинен октябрь айына чейин «Торугарт» өткөрмө пункту аркылуу Кытайдан оор жүк ташыган унаалардын айдоочуларын коркутуп, алардан мыйзамсыз түрдө акча алып турган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 17-майда аталган «Транс Эксперт» ЖЧКнын жетекчилерин кармаганын билдирди.
«Компаниянын жетекчилери ар бир айдоочудан ар бир каттамы үчүн 50 доллардан чогултуп турушкан. Эгер акча бербесе, жүксүз жана жумушсуз калышарын айтып коркутушкан. «Транс Эксперт» ишканасы оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына шарт түзүп берүү шылтоосу менен жалпысынан 150 миң доллар алышкан», — деп билдирди УКМК.