2022-жылдын 26-27-майында Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын алдында Евразия экономикалык форуму өтөт. Анын негизги темасы «Дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» деп аталат.
Даярдык иштери менен таанышуу үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Манас» эл аралык аэропортуна барып, кызматкерлерге бир катар тапшырмаларды берди.
«Күлгүлө, күлүп тосуп алгыла. ЕАЭБден эле эмес, Иран сыяктуу мамлекеттерден да келип калышы мүмкүн. Бардык иштерди жакшы, сапаттуу жасагыла», – деди ал.
Белгилей кетсек, Евразия экономикалык форуму – ЕАЭБдин жыл сайын өтүүчү экономикалык чөйрөдөгү бизнес-иш-чарасы, ЕАЭБ мамлекетинде Биримдиктин органдарына быйыл КР төрагалык кылат.
Иш-чарага мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана үчүнчү өлкөлөрдүн ири, орто жана чакан бизнесинин жетекчилери, Биримдиктин алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышат.
Форумдун программасына ЕАЭБ мамлекет башчыларынын жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасынын катышуусу менен пленардык жыйын, ошондой эле алты панелдик талкуулар кирет:
- «Глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорунда евразиялык интеграциянын стратегиялык өнүгүү келечеги»
- «Финансы рыноктору жана өнүктүрүү институттары: макроэкономикалык туруктуулуктун мүмкүнчүлүктөрү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалары үчүн өсүү чекиттери»
- Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси Биримдиктин экономикалык өсүшүнүн кыймылдаткычтары жана экономикалык коопсуздукту камсыздоо катары»
- «Экономикалык өнүгүүгө жана интеграцияга көмөктөшүү үчүн энергетикалык жана транспорттук инфраструктура»
- «ЕАЭБ 2.0 санариптик күн тартиби»
- «ЕАЭБде өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттары».
Мындан тышкары, «Орион» мейманканасынын маңдайында ЕАЭБ мамлекеттеринин агроөнөр жайынын мыкты товарларынын көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда. Белгилей кетсек, форумга катышуу акысыз.